10:01, 13-март, 2026

«Мен үчүн орус тили кыргыз тилинен кем эмес эне тилимдей»: Алена Аршинова Евразиялык борбордун ачылышында Айтматовдун сөзүн эске салды

На русском
12:46, 25-ноябрь, 2025 427

АКИpress - Бишкектеги Евразиялык орус тили жана маданият борбору балдарга гана эмес, жаштарга жана «күмүш курактагы» адамдарга да арналган. Бул жерге бардык үй-бүлө болуп келсе болот, ар ким өзүнө ылайыктуу жана кызыктуу иш таба алат. Бул тууралуу борбордун ачылышында  Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты, «Евразия» кеңешинин төрайымы Алена Аршинова билдирди.

Кыргызстанда алгачкы Евразиялык орус тили жана маданият борбору 23-ноябрда Бишкек шаарында ачылды. Борбор көп функциялуу аянтча болуп, орус тилин өнүктүрүүгө жана жайылтууга, евразиялык маданиятты илгерилетүүгө, Россия менен Кыргызстандын эл аралык программаларын өнүктүрүүгө, педагогдорду даярдоого жана комплекстүү гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Аршинова «Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюму бул узак убакыттан бери даярдап келген, көптөн күткөн долбоор экенин белгиледи.

«Чыңгыз Айтматовдун «мен үчүн орус тили кыргыз тилинен кем эмес эне тилимдей» (для меня русский язык в не меньшей степени родной, чем кыргызский) деп айткан сөзүн келтиргим келет. Анткени орус жана кыргыз тилдери кол кармашып, бирге өнүгүп келет. Дал ушул тилдер аркылуу биздин элдер Евразия континентинин өнүгүшүнө, маданияттын, илимдин, чыгармачылыктын, жогорку билимдин жана агартуу иштеринин өсүшүнө чоң салым кошуп келишет», — деди ал. 

Алена Аршинова жаңы Борбордо түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү да санап өттү. Борбордо театр өнөрүн үйрөнүүгө шарт түзүлгөн көркөм студиялар, заманбап акын-жазуучулар менен жолугушууларды уюштурууга ылайык аянтча, китеп окуп, пикир алмашып, чай үстүндө баарлаша турган окурмандар клубу бар экенин айтты.

«Борборго келип, катталуу кыйын эмес. Бизде маалымат, байланыша турган номурлар, дарек бар — кааласаңыз чалып, кошумча маалымат тактап, келип кетсеңиз болот. Бирок эң туурасы — дароо иш убактысында келип, азыр кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин тактап, ошол замат эле бир иш-чарага кошулуп кетүү. Бүгүн жасай турганды эртеңге жылдырбай эле койгон жакшы», — деп белгиледи ал.

Орус тили жана маданият борбору өзгөчө муктаждыгы бар адамдар үчүн да ыңгайлаштырылган. Борбордо пандустар жана тактилдик жабдуулар орнотулган.

«Евразия» кеңешинин төрайымы алдыңкы жылдарга болгон пландары менен бөлүшүп, мындай Орус тили жана маданият борборлору Кыргызстан боюнча да ачыларын билдирди. 

«Кийинки борборду Нарын шаарында ачуу пландалууда. Биз мындай борборлор өлкөнүн бардык аймактарында, ар түрдүү аянтчаларда пайда болушун каалайбыз. Бул биздин баарыбыз чогулуп, баарлаша турган таяныч пункттар болот», — деди ал.

Ошондой эле «Евразия» уюму ишке ашырып жаткан билим берүү долбоорлорунун Кыргызстан Билим берүү министрлиги тарабынан колдоого алынышы маанилүү экенин белгиледи.

«Билим берүү министри Догдуркул Кендирбаевага ыраазычылык билдиргим келет. Ал бул ишке абдан активдүү катышып, бизге көп багыт берет. Биз жасап жаткан иштердин чоң бөлүгү дал анын сунуштарынын негизинде аткарылууда. Ошондуктан биз кайсы районго керектүү болсок, кубаныч менен барып, колдоо көрсөтүүгө даярбыз», — деди Алена Аршинова.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»